Колл - борбор: 105,1209

Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогуна жаңы имарат курулууда

7 Ноябрь 2025 ж.

Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогуна жаңы имарат курулуудаКР Энергетика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан модернизациялык иштердин алкагында, энергетика тармагын өнүктүрүү жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында «КУЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактары ишканасы 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Алардын бири Баткен электр тармактар ишканасынын Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогунун имаратынын курулушу. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бул объект кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулууда.

Курулуш иштери “Фирма Строител” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Имарат 2025-жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Генплан боюнча жалпы жер тилкесинин аянты 2204 м² болсо, анын ичинен имараттын аянты 68,8 м² Мында эс алуу бөлмөсү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана оперативдүү жыйындар үчүн бөлмөлөр камтылган.  Аны менен катар кампа, автоунаа токтотуучу жай да каралаган.

Бул долбоордун ишке ашырылышы коопсуз жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, кызматкерлердин эс алуусу жана иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылат. Бул аракет кыматкерлердин  эмгек өндүрүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизип,  тапшырылган милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.