Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жаңы конуштарды сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган иш-пландарынын алкагында, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан белгиленген иштер планга киргизилип, "Кыргызстан УЭТ" ААкнын директорлор кенеши тарабынан бекитилген. Ага ылайык, Лейлек районунун Раззаков айылында курулуп жаткан жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери толугу менен аяктап, айылга электр энергиясы берилди.
“КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТ тарабынан 7 даана электр мамысы орнотулуп, узундугу 0,7 км болгон 10 кВ аба чубалгысы тартылды. Кубаттуулугу 250 кВА болгон ГКТП тибиндеги көмөк чордон орнотулду. Мындан сырткары, 78 даана электр мамысы орнотулуп, узундугу 2,0 км болгон СИП-2 аба чубалгысы тартылды. 60 даана электр эсептегичтер орнотулуп, айылдагы бардык үйлөргө электр энергиясы жеткирилди.
Ошондой эле, 65 даана прожектор орнотулуп, узундугу 2,0 км болгон аба чубалгысы аркылуу түнкү жарыктандыруу системасы ишке киргизилди. Бул иштердин натыйжасында Разаков айылы толук электр энергиясы жана түнкү жарык менен камсыз болду.