“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Лейлек райондук электр тармагы тарабынан Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында электр тармагын жаңылоо жана модернизациялоо иштери пландуу түрдө жүргүзүлүүдө.
Аталган жумуштар Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш иштеринин алкагында 0,4 кВ аба чубалгысынын 1,5 чакырым аралыгы заманбап СИП-2 (өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган) кабелине алмаштырылууда. Бул зымдар электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга, техникалык жоготууларды азайтууга жана авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле долбоордун алкагында эскирген жыгач мамылар этап-этабы менен жаңыланып темир-бетон мамыларга алмаштырылууда. Бул өз кезегинде электр тармагынын ишенимдүүлүгүн арттырып, ар кандай аба ырайынын терс таасирлерине туруктуулугун камсыздайт.
Учурда объектте 3 атайын техника жана 10 тажрыйбалуу кызматкер тартылып, жумуштар белгиленген графикке ылайык ыкчам жүргүзүлүүдө. Коопсуздук талаптары толук сакталууда.
Жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери Лейлек районунун тургундарын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.