Колл - борбор: 105,1209

Жаңы Достук айылына толугу менен электр энергиясы берилди

15 Октябрь 2025 ж.

Баткен шаарындагы Жаңы-Достук айылынын курулушу аяктап, айылга толугу менен электр энергиясы берилип,көчөлөр жарыктандырылды.

 Аталган айылга “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен РЭТ тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан "Овцекомплекс" багыты боюнча жаңы 10 кВ аба чубалгы тартылды.

 Анын алкагында:

• 114 даана электр мамычасы орнотулду;

• 4 чакырым узундуктагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгы тартылды.

 Ошондой эле, калкты туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында:

• Кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулду;

• 217 даана жаңы электр мамычасы коюлду;

• 9,3 чакырым узундуктагы 0,4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары тартылды.

 Ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.