Колл - борбор: 105,1209

Сүлүктү жана Лейлек электр тармактарында коопсуздук боюнча окутуу өткөрүлдү

12 Февраль 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы тарабынан кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана техникалык коопсуздук талаптарын камсыз кылуу максатында Сүлүктү жана Лейлек электр тармактарынын адистери үчүн атайын окуу уюштурулду.

 Окутуунун башкы максаты — эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча билимди тереңдетүү, ошондой эле практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү болду.

 Иш-чаранын алкагында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү. Адистер өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуга туура жана ыкчам жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмаларын манекендин жардамы менен көрсөтүп беришти.

 Окуунун жыйынтыгында кызматкерлер алган билимдерин бекемдөө максатында иштин жүршүндөгү жаралган маселелер боюнча суроолого жооп берип, манекенди жандандыруу боюнча практикалык экзамен тапшырышты.

 Мындан тышкары, кызматкерлерге иш учурунда, айрыкча энергетикалык объекттерде жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында иш алып барууда коопсуздук эрежелерин так сактоонун зарылдыгы кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучуларга атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча маалыматтар берилди.