Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан коюлган тапшырмага ылайык, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кыштын катаал суугуна карабастан күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Учурда облус боюнча кырдаал стабилдүү, өчкөн тарамдар жок.
Акыркы күндөрү аба ырайынын кескин төмөндөшү электр энергиясына болгон жүктөмдүн олуттуу жогорулашына алып келди. Бул багытта Баткен электр тармактар ишканасынын Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү электр тармактарында жалпы 5 ыкчам топ түзүлүп электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Мындан тышкары, авариялык учурда абалды тез арада калыбына келтирүү максатында атайын нөөмөттөр уюштурулду. Баткен электр тармактар ишкансынын бардык бөлүмдөрүнөн 22 ыкчам чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Авариялык абалдар катталган учурларда электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк болтурбоо үчүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам тартипте жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.
Баткен электр тармактар ишканасы аймактагы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Эгер авариялык өчүрүү орун алса же электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү Чалуу-борборуна 105 номерине, ошондой эле мобилдик операторлордун +996 772 001209, +996 556 001209 номерлерине кайрылып, же WhatsApp +996 702 001209 номерине жазып, маалымат алууга болот.
0221 33-36-02- Баткен РЭТ
0772 46-04-01- Сүлүктү РЭТ
0221 55-54-78 -Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 -Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭТ