КР энергетика министри Т. Ибраевдин тапшырмасынын негизинде энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов Баткен облусуна жумушчу сапар менен келди. Иш сапардын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө ишкананын учурдагы өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, электр тармактарындагы оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштери, калкты жана мекеме-уюмдарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Өзгөчө көңүл 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине бурулуп, тармактарлын жана көмөк чордондордун техникалык абалын жакшыртуу, авариялык кырдаалдардын алдын алуу, материалдык-техникалык запастарды толуктоо жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагын санариптештирүү, жаңы технологияларды киргизүү, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо, кызматкерлер үчүн эмгек шарттарын жакшыртуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу багытындагы иштер боюнча өзүнчө сөз болуп, кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти бекем сактоо зарылдыгы белгиленди. Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана калыс мамиле кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйын соңунда Баткен электр тармактар ишканасынын жамаатына алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү, электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так аткаруу тапшырылды.