Баткен шаарынын тургуну, Баткен облустук ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Кубатбек Максутов энергетика тармагында акыркы жылдары жүрүп жаткан ири өзгөрүүлөргө токтолуп, өлкө күн сайын өнүгүү жана жаңылануу жолунда бара жатканын баса белгиледи.
Ал өз сөзүндө Баткен облусунун эң алыскы жана кышы катуу Зардалы айылы да электр энергиясы менен толук камсыздалганын белгилеп, бул иштер региондорду өнүктүрүү багытында жасалып жаткан олуттуу кадамдардын бири экенин айтты.
Ошондой эле ал чакан ГЭСтердин курулушу, күн жана шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарын ишке киргизүү менен аймактарды туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо багытындагы иштер жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгиледи.