2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев алыска Зардалы айылына барып, жергиликтүү тургундарды электр энергиясы камсыз кылуу иш-чарасына катышты. Бүгүнкү күндө Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалды.
Эске салсак, Зардалы айылында буга чейин электр жарыгы жок болгон. Айылды жарыктандыруу маселеси Элдик Курултайда бир нече жолу көтөрүлүп келген. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында аталган айылдын жашоочуларына барып, электр энергиясы менен камсыздоого жардам көрсөтүүнү убада кылган.
Президенттин тапшырманы ылайык, Энергетика министрлиги тарабынан Зардалы айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, тез арада ар бир үйгө жана коомдук имараттарга жалпы минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 комплект күн батареялары, көлөмү 200 литр болгон 6 комплект күн суу жылыткычтар, айылдын автономдук электр жабдуусу үчүн аккумулятордук 600 Вт батареясы менен 75 даана көчө прожекторлорун орнотуу чечими кабыл алынган.
Долбоорду ишке ашыруу максатында «Кыргызстан УЭТ» ААК менен «ALL SOLAR» ЖЧКнын ортосунда жабдууларды жана материалдарды сатып алуу боюнча 390 144 АКШ долларына (же 33,5 млн. сомдун тегерегинде) келишим түзүлгөн.
Аталган айылды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 40тан ашык энергетик эмгектенди.
Аткарылган жумуштар:
-61 участокто күн батареяларынын металл конструкцияларынын пайдубалы курулду;
-61 участокто күн батареяларынын металл каркастары орнотулду;
-56 үй чарбага, 2 мечитке, 1 фельдшердик-акушердик пунктка жана 1 мектепке ички электр зымдары тартылды;
-61 керектөөчүгө акылдуу АСКУЭ электр эсептегичтери орнотулду;
-56 үй чарбасына (ар бир үйгө 5 кВт аккумулятордук батареялары менен), 2 мечитке (ар бирине 5 кВт аккумулятордук батареялары менен)
1 фельдшердик-акушердик пунктка (5 кВт аккумулятордук батареялары менен), 1 чек ара заставасына (10 кВт аккумулятордук батареялары менен) жана 1 мектепке (5 кВт аккумулятордук батареялары менен) күн батареялары орнотулуп толук электр энергиясы менен камсыз болду.
Жогорудагы иштер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өздүк каражатынын эсебинен аткарылды.
Жергиликтүү тургундар электр энергиясы менен камсыз болгондоруна сүйүнүп, КРнын Президенти С.Н.Жапаровго, Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровго, энергетика министри Т.Ө.Ибраевге жана баардык тийиштүү жетекчилерге ыраазычылыгын билдиришти.