Бүгүн, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын "Жогорку чыңалуудагы аба тармактар” бөлүмү тарабынан 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында оңдоп-түзөө иштери уланууда.
Жумуштун алкагында 35кВ “Металлургический- Халмион” аба чубалгысында ашыкча коргоочу түзүлүштөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Андан тышкары эски фарфор изоляторлорду жаны айнек изоляторго алмаштыруу иштери да жасалууда.
Белгилей кетсек бул жумуш күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында жасалып, натыйжада 35кВ “Металлургическая- Халмион” аба чубалгысында электр энергиясын берүүнүн сапаты жакшырат.