Колл - борбор: 105,1209

«Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында ишембилик өткөрүлдү.

5 Апрель 2025 ж.

Бүгүн «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасында ишембилик болуп өттү.
 
Ишембиликтин алкагында айлана-чөйрө тазаланып, ишкананын адмнистративдик имаратынын алдына гүлдөр, түрдүү мөмө берүүчү дарактардын көчөттөрү эгилди.
 
Мындан тышкары Баткен электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде да ишембилик орун алып, имараттын алдын көрктөндүрүү, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо, бак-дарактарды актоо жумуштары жүргүзүлдү.