Бүгүн «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында кезектеги ишембилик болуп өттү.
Ишембиликте Баткен электр тармактар ишканасынын адмнистративдик имаратынын айлана-чөйрөсү тазаланып, андан сырткары Баткен шаарынын Сайдиман Ажы көчөсүнүн жөө жүрүүчүлөр бөлүгү да тазаланды.
Ушундай эле ишембилик Баткен электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде, көмөк чордондордо да орун алып, имараттын алдын көрктөндүрүү, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо, бак-дарактарды актоо жумуштары жүргүзүлдү.