Колл - борбор: 105,1209

Жаңы дайындоо

25 Ноябрь 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнун башкы директору А.Д. Рысбековтун №390 “Кызматка дайындоо жөнүндө” буйругу менен Чыныбеков Максатбек Зарылбекович «Кыргызстан УЭТ» ААКнун филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары болуп дайындалды.
 
Максатбек Зарылбековичти бүгүн эмгек жамаатка «Кыргызстан УЭТ» ААКнун коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу жана Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозович тааныштырып, жаңы кызмат ордунда ийгилик каалады.
 
Чыныбеков Максатбек Зарылбекович 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Жогорку билимдүү.
 
Иш тажрыйбасы:
29.04.2014- 16.08.2016-жж
Жети-Өгүз райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери.
16.08.2016- 28.04.2017-жж.
ОАО«Востокэлектро» метрология бөлүмүнүн башчысы.
28.04.2017- 21.06.2018-жж
Жети-Өгүз райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси.
21.06.2018- 18.09.2019-жж
«Востокэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору.
23.10.2019- 21.11.2019-жж
ОсОО «ТТ ГЭС» техникалык директору.
22.11.2019- 02.07.2020-жж
ОсОО «Энхолком» башкы директору.
 
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.