«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААкнын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев чыгарган буйрукка ылайык:
Жаңы дайындалган жетекчилерди коллективге «Кыргызстан УЭТ» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырып, аларга иштеринде ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Маркаев Каланбек Орозович эмгек жолун 2001-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Баткен РЭТинде баштаган. Билими жогору 1998-жылы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.
Мамадалиев Нурлан Заттарбекови эмгек жолун 2001-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Кара-Суу РЭТинде баштаган. Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.
Аскаров Нурали Айдаралиевич эмгек жолун 2010-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Кадамжай РЭТинде баштаган. Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.
Саттаров Эрлан Нургазыевич Эмгек жолун 2011-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Кадамжай РЭТинде баштаган. Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.