Жаңы жетекчи дайындалды
4 Сентябрь 2026 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору И.М. Сыдыгалиев чыгарган буйрукка ылайык:
- Абдыкадыров Болотбек Абдыбакыевич— «КУЭТ» ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кызыл-Кыя РЭТ ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчини коллективге Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тааныштырып, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.