Жороева Чынара Жалиловна 2004-жылдан бери “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Кадамжай РЭТинде эсепчи болуп эмгектенип келет. Өз кесибин сүйгөн каарманыбыз ишинде тактык, тартип жана жоопкерчилик биринчи орунда турушу керек экенин баса белгилейт.. Ар бир документтин туура жүргүзүлүшү, каржылык эсеп-кысаптын так болушу ишкананын ишмердүүлүгүндө маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан ал өз ишин дайыма кылдаттык менен аткарып, кызматтык милдеттерине жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылып келет.
Ал ошондой эле бирге иштеп келе жаткан эмгек жамааты менен да сыймыктанарын белгилейт. Кадамжай РЭТиндеги кесиптештери менен 20 жылдан ашуун убакыттан бери ынтымакта, бири-бирин колдоп, бир максатта эмгектенип келишет.
Эмгек менен катар үй-бүлө да Чынара Жалилова үчүн эң кымбат баалуулук. Ал — үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 2 уулдун мээримдүү энеси. Балдарын тарбиялап, аларга жакшы үлгү болуп, иште да, үйдө да жоопкерчиликтүү, эмгекчил инсан катары жашап келет.