Колл - борбор: 105,1209

Эмгеги элге сиңген энергетик айым

6 Март 2026 ж.

Лалахан Мамажанова кесиби боюнча энергетик. Ал 1997-жылдан бери “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Кызыл-Кыя РЭТинде үзүрлүү эмгектенип келет. Көп жылдык эмгек жолунда ал энергетика тармагынын ар кыл баскычтарынан өтүп, мол тажрыйба топтой алган адистердин бири.

 Эмгек жолун кассир болуп баштаган Лалахан Мамажанова кийин электр эпкери, участок башчысы, инженер кызматтарында иштеп, энергетика тармагындагы иштин бардык өзгөчөлүктөрүн өздөштүргөн.Эркектерден кем калбай, ар бир кызматта жоопкерчилик менен иш алып барып, өзүнүн эмгекчилдиги жана кесипкөйлүгү менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болуп келет.

 Өз кесибин чын жүрөктөн сүйгөн каарманыбыз энергетика тармагында иштеп жатканын чоң сыймык катары баалайт. Анын айтымында, энергетик болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул элге кызмат кылуу. Анткени электр энергиясы адамдардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

 Лалахан Мамажанова көп жылдардан бери элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында эмгектенип, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатканын сыймыктануу менен белгилейт. Өз ишине болгон жоопкерчилиги, эмгекчилдиги жана тажрыйбасы менен ал жаш адистерге да үлгү болуп келет.Үй-бүлөлүү  2 уул, 3 неберенин бактылуу чоң энеси.