Баткен шаарынын тургуну Мамашарип Орозбаев энергетиктердин эмгегин баалады
19 Сентябрь 2025 ж.
Баткен шаарынын тургуну Мамашарип Орозбаев өлкөдө, айрыкча Баткенде энергетика тармагында жүрүп жаткан алгылыктуу иштерге жогору баасын берип, Энергетика министрлигине жана жергиликтүү энергетиктерге терең ыраазычылыгын билдирди.
Анын айтымында, акыркы убактарда КР Энергетика министрлигинин демилгелери менен жүргүзүлүп жаткан иштер Баткен эли үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. Шаарда жана анын айланасындагы көчөлөрдө электр тармактары жаңыланып, акыркы 5-6 жылга салыштырмалуу үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында чоң жетишкендиктер жаралууда.
Мамашарип Орозбаев белгилегендей, бул иштердин үзүрүн жергиликтүү тургундар күн сайын сезип келишет. Туруктуу жарыктын берилиши үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртып, чарбачылык жана айыл чарба тармагында да ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Дыйкандар электр энергиясынын жардамы менен сугат суу чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, түшүмдүүлүгүн арттырып жатышат. Бул өз кезегинде аймактын экономикасынын өнүгүшүнө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болууда.