Баткен шаарынын тургуну Гыламидин Абдырахмонов акыркы жылдардагы энергетика тармагында жасалып жаткан чоң өзгөрүүлөргө токтолуп, энергетиктердин эмгегин жогору баалап ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймакта аткарылып жаткан модернизациялоо жана жаңылоо иштери калктын жашоосуна түздөн-түз оң таасир берип, элдин турмушун жеңилдетүүдө.
Ошондой эле Гыламидин Абдырахмонов Энергетика министрлиги жана Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан жасалып жаткан реформаларды айрыкча чакан ГЭСтерди куруу, күн, шамал энергиясын пайдалануунун артыкчылыктарын белгилеп, бул аракеттер өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканын баса белгиледи. «Эң негизгиси – мамлекетибиз туруктуу жана сапаттуу электр энергия менен камсыз болууда. Эл үчүн жасап жаткан кызматыңыздар ар дайым ийгиликтүү болсун», – деп энергетиктерге ыраазычылык билдирди.