Жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын күз-кыш мезгилине даярдоо иши кызуу жүрүүдө.
11 Сентябрь 2024 ж.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы 2024-2025 күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында белгиленген графикте иш жүргүзүүдө.
Бүгүн Баткен ЭТИнин жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы тарабынан Баткен районунун аймагындагы ВЛ 110кВ «Айгүл-Таш- Зумрад» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында кезектеги оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.
Жумуштун алкагында эскилиги жеткен фарфордук изоляторлор алынып, жаңы изоляторлор орнотулду. Андан сырткары аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар кесилип, авариялык өчүрүүнүн алдын алуу жумуштары жасалууда.