Журналисттер сыйланды
6 Ноябрь 2024 ж.
Журналисттер алкыш баракча менен сыйланды
Бүгүн, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозовичтин атайын буйругу менен, 7-ноябрь КР маалымат жана басма сөз күнүнө карата Баткен облусунда иш алып барган журналисттерге алкыш баракча тапшырылды.
Алкыш баракча менен «Баткен Таңы» газетасынын эмгек жамааты, «УТРК Баткен» телеканалынын эмгек жамааты жана «Салам Медиа» радиосунун эмгек жамааты сыйланды.
Сыйлыкты тапшыруу аземинде Баткен ЭТИнын башкы инженеринин орун басары Алмазбек Таиров, жалпы журналисттерди Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозовичтин атынан кызуу куттуктап, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалап, электр тармактары менен тыгыз иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдирди.