“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. “Энергетика — келечектин кесиби” аталышындагы иш-чарага Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин мугалимдери, Баткен шаарындагы кесиптик лицейинин жана Баткен шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин 9-11- классынын окуучулары катышып, Баткен электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.
Иш чаранын негизги максаты — жаштарды энергетика тармагындагы кесиптерге кызыктыруу, ошондой эле энергетика тармагындагы адистиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
Ишкананын жетекчилиги тарабынан энергетика тармагынын мааниси жана жаш адистерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу ккңири маалымат берилди.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын ар бир кызматтын ишмердүүлүгү тууралуу айтылып, катышуучулар диспетчердик кызмат, калкты тейлөө бөлүмү, окуу каанасы, трансформаторлук цех жана атайын техникалар менен таанышышты.
Электр коопсуздугу боюнча практикалык көрсөтмөлөр уюштурулуп, электр эпкерлери колдонгон шаймандар жана атайын коргоочу кийимдер көрсөтүлдү. Электр тогунан жаракат алган учурда алгачкы жардам
манекендин жардамында көрсөтүлдү. Ачык баарлашуу форматында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.Мындай иш-чаралар жаштарды кесипке багыттоого, энергетика тармагына болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги квалификациялуу адистерди даярдоого чоң өбөлгө түзөт.